Казак тилин өздөштүрүү, анын бай жана көркөм мүнөздөмөлөрү менен таанышуу. Мындай бир катар мүмкүнчүлүктөрдү казак, орус жана англис тилдериндеги фразеологизмдердин сөздүгү берет. Астанада басылманын бет ачары болду. Ал 2 миң нускада Казакстан элдери Ассамблеясынын 30 жылдыгына карата басылып чыкты. Сөздүктүн автору-жазуучулар союзунун мүчөсү жана котормочу Камаль Алпейисова. Китепте макал-лакаптар аркылуу берилген логикалык ой жүгүртүүлөр камтылган. Лингвист алардын баары тилди үйрөнүүгө сөзсүз жардам берет дейт. Сөздүк студенттер үчүн эл аралык экзамендерге даярдануу үчүн ишенимдүү жардамчыга айланды. Басылма мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн жана маданияттар аралык мамилелерди кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Сөздүктүн онлайн нускасы да иштелип чыгууда.
Камал Алпейисова, Сөздүктүн автору, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү:
- Анан Америкага болгон сапарымда ал жактан таланттуу жаштарды көрүп, кыялданчумун. Бул балдар өздөрүнүн создөрүндө биздин казак элинде мындай макал бар деп айтып, англис тилинде мындай деп айтып жатса деген тилек. Бул китеп ушундан улам пайда болду. Алгач казакча-орусча котормосунун маанисин жаздым, үчүнчү англисче котормосун өзүмдүн шакиртим Чыгыш Англия университетинин бүтүрүүчүсү Мерей Маликова экөөбүз жазып, китепти чыгарганбыз. Окурмандар сөздүктү ачып, тааныш макал-лакаптарды көрүп, дароо аларды англис тилиндеги кесиптештери менен салыштырышууда. Мисалы, көптөгөн адамдар мындай фразеологиялык бирдиктерди билүү IELTS тапшырганда жардам берерин белгилешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

