«Кайра жаралуу- түбөлүк сулуулук» Италия сүрөтчүлөрүнүн санарип көргөзмөсү

«Кайра жаралуу- түбөлүк сулуулук» Италия сүрөтчүлөрүнүн санарип көргөзмөсү

Улуттук музейде Италиялык кайра жаралуу – Түбөлүк сулуулук аттуу санариптик көргөзмө ачылды. Иш-чараны Италия элчилиги Казакстан менен маданий кызматташтыктын алкагында уюштурду. Көргөзмөдө жалпысынан 28 сүрөт санариптештирилип, бир интерактивдүү экспозицияга бириктирилди. Бул көрүүчүгө Италияда болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өсүү дооруна саякаттоого мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, ренессанс искусствосунун таң калыштуу жана сырдуу дүйнөсү атайын көргөзмөнүн алкагында дүйнө өлкөлөрүнө даңазаланууда. Сүрөт галереясы буга чейин Рим, Генуя, Тайбэй жана Сингапурдагы искусство сүйүүчүлөргө сунушталган.

Абай Сатыбалдин, улуттук муйзей мүдүрүнүн орун басары:

- Биз чет элдик кесиптештерибиз менен бир жылдан ашык убакыттан бери бул көргөзмөнүн концепциясы жана идеясы боюнча иштеп жатабыз. Чыныгы заманбап технологиялардын, санариптик техниканын жардамы менен Казакстанда жүргөндө Батыш өлкөлөрүнүн эң уникалдуу шедеврлерин көрүүгө мүмкүндүк берет. Көргөзмөнүн өзү болжол менен 15 мүнөткө созулат. Менимче, көрүүчүлөр руханий жактан байып, маданий жактан шыктанышы үчүн музейлер, анын ичинде улуттук музей дагы пропаганданы күчөтүшү керек. Бул улуттук гана эмес, чет элдик өнөргө да тиешелүү.

Марко Альбертин, Италиянын Казакстандагы элчиси:

- Кайра жаралуу доорундагы Италиянын тарыхын, маданиятын казак элине тартуулагыбыз келет. Ушундай заманбап технологиялардын жардамы менен улуу сүрөтчүлөр жашаган доорго саякаттап, адамдардын эмоцияларын көрүп, сезе аласыз. Менин кубанычымда чек жок. Көргөзмө 14 мүнөткө созулуп, видеобейне түрүндө көрсөтүлөт. Биздин эшигибиз чын куран айынын 28не чейин көрүүчүлөр үчүн ачык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков