Алматы менен Талдыкоргон аэропорттору азырынча жабык

Алматы менен Талдыкоргон аэропорттору азырынча жабык

Алматы жана Талдыкорган аэропорттору дагы эле жабык. Башка шаарларда штаттык режимде иштеп жатат. Бул маалыматты бүгүн Жарандык авиация комитети тастыктады. Эки шаардын аэропорттору качан калыбына келтирилери белгисиз. Казакстандын Индустрия жана инновациялык өнүгүү министрлиги Казакстандагы жеткиликтүү ички каттамдар боюнча маалыматты жарыялады. Үчтүн айынын 9на 224 каттам мерчемделген. Бирок алардын 11и кечигип, 129у токтотулган. Буга интернеттин жоктугунан баштап аба ырайынын начардыгына чейин көптөгөн себептер бар. Ошондой эле, Алматы аэропорту мегаполистеги абал турукташкандан кийин ишке кирери кабарланды. Ал эми адистер аэропорттун техникалык жактан ачылышка даяр экенин айтышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков