Президент педагогдордун республикалык курултайына катышты

Президент педагогдордун республикалык курултайына катышты

Принципиалдуу жаңы ыкмалар жана заманбап технологияларды колдонуу, билим берүү системасын тез жана натыйжалуу жаңылоого мүмкүндүк берет. Ал мыкты эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыгышы зарыл. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Астанада мугалимдердин республикалык курултайынын ачылышында билдирди. Мамлекет башчысы иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларды Мугалимдер күнү менен куттуктады. Өлкө башчынын айтымында, мугалим улуттун жаңы сапатын калыптандыруунун эң маанилүү звеносу. Бул жагынан тажрыйбалуу кадрларды тарбиялоо максатка ылайык.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Үч жылдын ичинде 
«Болашак» программасы боюнча 220га жакын мугалим чет өлкөлөрдөн билим алышты. Мугалимдик кесипти тандап алган жаштарга талап күчөдү. Педагогикалык адистиктердин студенттеринин стипендиясы 2,5 эсеге жогорулатылды. Бир сөз менен айтканда тажрыйбалуу мугалимдерди даярдоо артыкчылыктуу маселе бойдон калууда.

Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө мектептердеги коопсуздук, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана жаңы билим берүү мекемелерин курууга ишкерлерди тартуу маселелерине токтолду. Президенттин айтымында, окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге таалим-тарбия берүү да зарыл. Айылдык билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев, айыл мектептерин интеллектуалдык жана социалдык борбор катары өнүктүрүү керектигине токтолду. Мамлекет башчы ошондой эле үч жылдын ичинде мындай мектептердин кеминде миңин керектүү жабдыктар менен камсыздоону тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Менин демилгем менен өлкөдө 
«Ыңгайлуу мектеп» долбоору ишке ашырылып жатат. Эки жылдын ичинде бардык аймактарда, анын ичинде айыл жерлеринде жүздөгөн билим берүү мекемелери курулат. Мунун аркасында үч сменалык окуудан биротоло кутулабыз.

Жыйындын жүрүшүндө Астана шаарындагы жана бир катар облустардагы мекемелердин өкүлдөрү билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты. Соңунда мамлекет башчысы билим берүү тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери жана Казакстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар мугалимдерге «Казакстандын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамын ыйгарды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков