Казакстандагы саякатчылар өзгөчө макамга ээ болушту

Казакстандагы саякатчылар өзгөчө макамга ээ болушту

Казакстандыктар өлкөнүн аймактарына саякаттоо үчүн «NeoNomad» – заманбап көчмөн макамын ала алышат. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Ал үчүн өлкөнүн 20 белгилүү туристтик жерлерине баруу керек. Бул «Байтерек» монументи, «Шымбулак» лыжа базасы, Айша Бибинин күмбөзү, Тамбалы таш петроглифтери, «Берел» корук-музейи жана башкалар. Андан кийин атайын фото жээкченин алдында сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга «Neonomad 2022» хештеги менен жүктөө кажет. Үгүт иштери аяк оона айында башталат. Кошумчалай кетсек, борбордо казакстандыктар менен бирге чет элдик туристтер үчүн маалымат борбору ачылат.

Ержан Балтаев,  Нур-Султан шаарынын инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

- Шаарыбыздын туристтик дарамети абдан чоң. Ар кандай конференцияларды, көргөзмөлөрдү өткөрүп, бир багытта иш алып барабыз. Туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуудабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков