Silk Way Star: Кореялык Kandis тобу долбоордон чыкты

Silk Way Star: Кореялык Kandis тобу долбоордон чыкты

Өткөн дем алыш күндөрү Silk Way Star сынагынын кезектеги ири тандоо туру аяктады. Бул жолу өнөрпоздор социалдык тармактарда кеңири тараган дүйнөлүк хиттерди ар кандай стилде ырдашты. Натыйжада, Өзбекстандын өкүлү Мадинабону менен казак ырчысы Алем тең упай топтоп, мыкты деп табылды. Жалпысынан алты турдун жыйынтыгы боюнча, казакстандык ырчы алдыда келе жатат. Ал эми эң аз упайды кореялык Kandis тобу топтоп, жарыштан четтеп калды.

Kandis тобу, Silk Way Star сынагынын катышуучулары, түштүк корея:

- Биз үчүн бул өзгөчө тажрыйба болду. Ар кайсы өлкөдөн келген таланттуу өнөрпоздор менен таанышып, көп нерсе үйрөндүк. Биз да өз тарабыбыздан бир нерсе бере алдык деп ойлойбуз. Ушул долбоорго катышып, Түштүк Кореянын атынан чыгуу - биз үчүн чоң сыймык. Ушул долбоордун аркасында к-попту билген, уккан адамдардын катары көбөйөт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков