Казакстан экономикага жана инфраструктурага басым жасоодо

Казакстан экономикага жана инфраструктурага басым жасоодо

Ички дүң өнүм өскөн сайын жарандардын реалдуу кирешеси да көбөйүшү керек. Бул Өкмөттүн алдында турган негизги милдет. Президент Касым-Жомарт Токаев муну Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында айтты. Казакстандык серепчи Айбар Олжаев бул башкаруу парадигмасын өзгөртүп, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтөрүн белгилейт. Башкача айтканда, эгер өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп, бирок элдин абалы жакшырбаса, бул Өкмөттүн ишинин натыйжасыз болгонун билдирет, дейт талдоочу.

Айбар Олжаев, каржы серепчиси:

- Өкмөттүн ишинин KPI-лары, негизги тапшырмасы макроэкономикалык көрсөткүчтөн калктын реалдуу жыргалчылыгына карата болот. Эгерде калктын абалы жакшырса, анда Өкмөт иштейт деген сөз болот. Буга чейин мындай парадигма, тагыраак айтканда жалпы KPI-да болгон эмес. Демек, жалпы Өкмөттүн жыйынтыгын талдоо 2026-жылдан тарта өзгөрөт деп айтсак болот.

Өкмөттүн алдындагы дагы бир артыкчылык – инфраструктураны өнүктүрүү. Стратегиялык жолдордун курулушун аяктоо, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, инженердик тармактарды жаңылоо. Серепчилер мунун баары Казакстанды Евразиянын индустриалдык жана логистикалык борбору катары бекитүүгө жаңы дем берерин айтышат.

Расул Коспанов, Саясат таануучу, Назарбаев университетине караштуу Улуттук талдоо борборунун ага изилдөөчүсү:

- Инвестор каражаты корголуучу жерге гана келет. Башкача айтканда, салган каражаты акталарына ишенимдүү болушу керек. Бул жагынан өлкөбүз аймакта алдыда келе жатат. Инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо механизмдери өркүндөтүлүп жатат. Мунун артында жаңы жумуш орундары турганын эске алышыбыз керек. Мисалы, Караганды облусундагы Саран шаарына инвестиция тартуунун мүмкүнчүлүгү чоң. Ал жерде дөңгөлөктөрдү чыгаруучу завод курулду, автобустар чогултулат. Бүгүнкү күндө ал Караганды облусунун жаңы экономикалык борбору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков