Казакстандык байыркы шаарчадан баалуу экспонаттар табылды

Казакстандык окумуштуулар Орто кылымдагы Кескен-Күйүк шаарчасынан эки коло чүкө табышты. Ошентип, бул казактардын чүкө атуу оюну Огуз дооруна мүнөздүү экенин көрсөтүп турат. Эскерте кетсек, Кескен-Күйүк жерлер огуздун негизги шаарларынын бири болгон. Байыркы шаарды изилдөө иштери азыр да жүрүп жатат. Чүкөлөрдөн тышкары жез тыйындар, жебенин учу түрүндөгү коло кийим илгичтери, ошондой эле түстүү шурулар табылган.

Асхат Сайлау, Кызылорда облусттук тарых-чөлкөм таануу музейинин илимий катчысы:

- Зергер буюмдары да бар, бул кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин уникалдуу огуздардын керемет буюмдары. Огуз маданияты, Огуз доору биздин Сырдарыянын боюндагы Сыр аймагынын тарыхы эмес, Казакстандын тарыхында чоң мезгил болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков