Актауда кемелердин салтанаттуу парады өттү

Актауда кемелердин салтанаттуу парады өттү

Эски Каспийдин толкунунда аскердик кемелер жана кайыктар. Казакстандын деңиз дарбазасынын жээгинде – Актау шаарында кемелердин салтанаттуу парады өттү. Иш-чара шаар күнүнө жана Казакстан армиясынын 30 жылдыгына арналды. Ракеталык-артиллериялык жана чек ара кемелеринин экипаждары палубада тизилип турушту. Ал эми өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук аскердик-патриоттук борбору концерт койду. Андан ары артисттер өз өнөрлөрүн башка аймактарда да улантышмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков