Бүгүн саясий куугунтук курмандыктарын эскерүү күнү

Бүгүн саясий куугунтук курмандыктарын эскерүү күнү

Казакстанда бугу айынын 31 каргашалуу мезгилде курман болгондорду эскерүү күнү. Советтик солчул саясат атайылап уюштурган жасалма куугунтуктан өлкөдө 2 миллионго жакын адам ачарчылыктан өлдү. Бул аздык кылгандай, ачарчылык жылдары бүтүндөй калктын каймактары куугунтуктоого тушуккан. Алты алаштын камын көрүп жүргөн 100 миңден ашуун жаран камакка алынып, алардын төрттөн бири атылды. Көпчүлүгү саясий, илимий жана маданий тармактын жана коомдук ишмерлер, улуттук интеллигенция өкүлдөрү болушкан. Элдин кызыкчылыгы үчүн жазыксыз жазага тартылгандардын бири, эл агартуучусу - Темирбек Жүргенов.

Бауыржан Имангалиев, Казакстандын маданий ишмери:

- Ал Алаш ишмерлери менен тыгыз иштеди. Ал өзүнүн карамагына Ахмет Байтурсуновду ишке алды. Турмагамбет Фердаусинин «Шахнамасын» Изтилеуивге котортту. Өзү «Терме» аттуу чоң жыйнак түзүп, Алаш каармандарынын эмгектерин жыйнады. Биринчи Казак педагогикалык институтунун ректору Темирбек Жүргенов дейбиз. Ал болгону 39 жылдык кыска өмүрүндө Казакстандын маданият жана агартуу тармагында чоң революция жасады.

Мына ушундай катаал саясаттын айынан жүз миң деген казак мекенин таштап, чек арадан өтүүгө аргасыз болгон. Тар жол тайгак кечип, башка өлкөдөн башпаанек издеп келген кербендердин биринде 45 миңдей адам алыскы сапарга чыгышкан. Бул көч Алтайдан Түркияга жол тарткан. Бирок, Гималай тоолору, Индия менен Пакистандын жеринен баары эле аша алган эмес.

Жандос Болдыков, кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун мүдүрү:

- Чыныгы маалыматтар боюнча Индияга 3200 адам жеткен. Индияда жүргөндө көптөгөн адамдар каза болгон. Аларга аба ырайы жаккан эмес, ал кезде чума сыяктуу коркунучтуу оорулар көп болду. Күч алгандан кийин андан ары Пакистанда отурукташып, андан соң Түркияга жол тартышкан. Ал эми Түркияга 1200 гана адам жеткен.

“Каргашалуу көч” урпактарынын көпчүлүгү дүйнөнүн төрт бурчуна чачырап, ушул күнгө чейин  чет жакта баш калкалап жүрүшөт. Ошол каргашалуу мезгилди боордош өлкөдө туулуп-өскөн кандаштардын бири, акын Зейнел Сүрмели өз ырларына салган. Анын чыгармалары жакында эне тилинде жарык көрөт.

Мухаметкали Баймуханов, Казакстандын маданий ишмери:

- Ал бул ырды башынан аягына чейин жазган. Абдан чоң таасир менен айтылган. Колубузга түшүп, аны кызматкерлерибиз Стамбулдан алып келишти. Эски араб арибинде жазылган. Мен аны өзүм котордум, чоң китеп болду.

Эске сала кетсек, 2020-жылы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев массалык саясий куугунтуктун курмандыктарын толук актоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Максаты – каргашалуу мезгилдин тарыхый адилеттүүлүгүн орнотуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков