Казакстан бир катар түрк мамлекеттери сыяктуу эле жаздын биринчи айында Улустун Улуу күнүн белгилейт. Көптөгөн мекендештер туулган жерине барып, майрамды белгилөөнү адатка айландырышкан. Майрамга карата өлкө боюнча эс алуу күндөрү жарыяланса, бул убакта мектептер жазгы каникулга чыгышат. Күн менен түндүн теңелүүсүн тосуп алууга эң жагымдуу туристтик багыттар тууралуу тармактык адистердин кеңешин тыңдап көрөлү.
Ернур Кенжебеков, ««KAZAKH TOURISM УК» АК басма сөз катчысы:
Казакстандыктар Нооруз майрамына эртеден баштап даярданышат. Тактап айтканда, ички туристтик багыттар үчтүн айынан баштап ээленип баштайт. Бул күндөрү көпчүлүк өлкөнүн жылуу аймактарына барууну каалашат. Ошондуктан элдер негизинен Түркестан, Шымкент, Алматы облустарындагы ыйык жерлерди тандашат. Акыркы убакта Актау каттамына кызыгуу күч алууда. Анда он эки ай тынымсыз иштеген эс алуу жайлары бар. Нооруз майрамы ар кандай салттарга ылайык өзгөчө белгиленет. Ошентип, түштүк жана батыш аймактарынын кереметтеринен ырахат алууга майрам күндөрү суроо-талап күчөйт.
Адистер бул жолу аталган аймактарда толук кандуу туристтик сезондун ачылышына туш келип жатканын айтышат. Чет элдик саякатчылар казакстандыктар менен бирге күн нуру менен бирге ойгонуп, жер жашылданган кайталангыс жаратылышты көрүүнү каалашат. Чет өлкөдөн жана өлкөнүн башка аймактарынан келген коноктор ыйык жерлердин, тарыхый жерлердин сырларына үңүлүп, жаратылыштын кооздугунан ырахат алышат.
Ернур Кенжебеков, ««KAZAKH TOURISM УК» АК басма сөз катчысы:
Турлар бери дегенде 3-4 күнгө алдын ала ээленет. Чыгыш Казакстан облусунун туристтик операторлорунан ал тургай Байконур портуна чейин турларды уюштуруу боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Негизинен өлкөнүн ар бир аймагына суроо-талап бар. Туристтик багыттардын көбөйүшү аталган тармактын бизнеси жанданганын билдирет. Буга ылайык туристтердин агымы көбөйүүдө. Дал ушундай кезде мамлекеттик Kids Go Free программасы аркылуу эс алуучу жайларга учуу чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып алууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков