Стамбулда «Кандастар» аттуу көп томдук китеп жарык көрдү. Журналист Гүлназ Каримжандын чыгармасы дүйнөнүн төрт бурчуна чачырап кеткен казак элинин басып өткөн жолу менен бүгүнкү турмуш-тиричилиги тууралуу баяндайт. Ата мекендеги айтылуу күндөрдү эстен чыгарбаган чет жерде жүргөн казакстандыктар Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына талдоо жүргүзүп, жакшы каалоо-тилектери менен бөлүштү. Жыйнактын биринчи бөлүгү Түркияда жашаган казакстандыктарга арналган.
Абдиуакап Кара, Мимар Синан университетинин профессору, тарыхчы:
- Тарыхчы катары айта турган болсом, бул китептин маңызы өзгөчө. Сөз учат, жазуу калат. Жакшынын аты, окумуштуунун каты өлбөйт, дейт. Кат деген - китеп деген сөз. Бул китеп аталган түрк казагынын маданиятын жана жашоосун кийинки муундарга таанытат. Бул китеп дүйнө жүзүндөгү казактын маданияты жалпы экендигин, кайгысы, кубанычы, наркы, максаты, кызыкчылыгы жалпы экенин айгинелеп турат. Мына дал ушунусу менен өзгөчө баалуулукка ээ деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков