Адай жылкысы Казакстандын Улуттук брендине айланат

Адай жылкысы Казакстандын Улуттук брендине айланат

Адай жылкысы Казакстандын Улуттук брендине айланат. Өткөн жылы мамлекет башчысы бул тукумду илимий жактан таануу боюнча иш алып барууну тапшырган. Расмий макам берүү боюнча атайын мамлекеттик комиссия да түзүлдү. Ага ылайык, түзүлгөн комиссия бул тукумду изилдөө менен алектенип жатат. Долбоордун жүрүшүндө окумуштуулар бүтүндөй Маңгыстау аймагын кыдырып, жылкыларды кылдат изилдеп чыгышты. Заманбап технологиялардын жардамы менен изилдөөчүлөр тулпарлардын генетикалык түзүлүшүн аныкташты. Алынган үлгүлөр асыл тукум мал чарбачылыгынын маалымат базасына киргизилди. Жакынкы аралыкта патент алуу көздөлүп жатат. Андан кийин жылкынын түрү боюнча мамлекеттик китептин биринчи томунун үстүндө иш башталат.

Даурен Сыдыков, Казак мал чарбачылыгы жана тоют даярдоо илимий-изилдөө институтунун бөлүм башчысы:
- Бул жылкы түрлөрүнүн ичинен 1350 тандап алдык. Кийин жалынынан чач үлгүлөрүн кыркып алдык. Ал чач үлгүлөрүн алгач өзүбүздүн лабороторияга алып келип, изилдедик. Андан кийин Орусиядагы улуттук жылкы чарба илимий-изилдөө институтуна жөнөттүк. Эмне үчүн Орусия деген суроо пайда болушу мүмкүн. Себеби, аларда ар кандай заманбап ыкмалар бар. Орусиялык кесиптештерибиз аталган тармакта 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатышат.

Адай жылкы тукумунун тарыхы терең. Мындан 2 кылым мурун Казакстандын түштүк-батыш бөлүгүндө пайда болгон. Бүгүнкү күндө Маңгыстау облусунда жылкынын аталган түрүнөн 116 миң баш бар. Жергиликтүү тургундар өз аттарынын спорттук жетишкендиктери менен сыймыктанышат. Тактап айтканда, Францияда, Кыргызстанда жана Орусияда өткөн эл аралык мелдештерден байгесиз кайткан эмес.

Даурен Сыдыков, Казак мал чарбачылыгы жана тоют даярдоо илимий-изилдөө институтунун бөлүм башчысы:
- Сирия, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Кувейттен келген эл аралык калыстар аттардын тапталган абалы менен таанышып, таң калышты. Ал эми жылкынын мүмкүнчүлүгүн көрүп, такыр үндөшкөн жок. Себеби, дүйнөдө алыска ат чабууда араб жылкыларына эч ким тең келген эмес. Өз кезегинде Адай жылкылары жакында алардын негизги атаандашы болоорун моюнга алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков