Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн арасынан тандалып алынган жоокерлер «Эльбрус шакеги» эл аралык аскер оюндарына катышат. Жоокерлердин соңку машыгуусу Алматыдагы тоо даярдык борборунда өтүп жатат. Жоокерлер Маншук Маметова мөңгүсүнө барып, 4194 метр бийиктикке чыгышты.
Бул машыгуу бирдин айында башталып, ушул кезге чейин 10 баскычтан өттү. Жарыштын катышуучуларынын арасында Эверестке чыккан Максүт Жумаев дагы бар. «Эльбрус шакеги» мелдешине казакстандык аскердик альпинисттер жыл сайын катышып келет. Буга катар, жакшы натыйжаларды да көрсөтүүдө. Алар жеке жана команда болуп тоо-ташка чыгып, тоолуу жерде жол табышы керек. Ошондой эле тоо дарыяларын кечип өтүү, мылтык атуу жана белгиленген аралыкты тез басып өтүү боюнча мелдешишет.
Семсер Махабыл, мобилдүү окутуу тобунун жетекчиси:
- Үстүбүздөгү жылдын чын куран айынан баштап «Эльбрус шакеги» сынагына катышуу үчүн атайын операциялардын курамын тандап алдык. Бул мелдештер 5 жылдан бери өткөрүлүп келет. 5 жылдан бери биздин команда байгелүү орундарды багындырып келе жатат. Быйыл дагы ушундай эле натыйжаларга жетишебиз деген үмүттөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков