Алардын ичинен эң чоңу – “Казакстан-Кытай Эл аралык өнөр жай шаары” индустриалдык технопаркы. Анын курулушу быйыл башталат деп пландалган. Ошондой эле жакынкы келечекте экономикалык аймактын аймагында ирригациялык жабдууларды чыгаруу пайда болот. Белгилей кетсек, эки объект тең кытайлык компаниялардын катышуусунда ишке ашырылат. Муну менен катар атайын экономикалык аймактын дагы бир ири долбоору 11 миллион тонналык көп функциялуу жүк терминалдарын куруу болуп саналат. Ошондой эле, Шымкентте жаңы өндүрүш ишканалары пайда болот. Азыр ал жерде «Жылдыз» индустриалдык зонасы курула баштады. Облуста 50 долбоор пайдаланууга берилет. Атап айтканда, унаа жассо, фармацевтика, металлургия, эмерек жана курулуш индустриясы тармагындагы ишканалар. Ал эми “Бозарык” агроөнөр жай аймагында айыл чарба өнүмдөрүн терең кайра иштетүүчү өндүрүштүк цех ачылат. Биринчи этапта алардын саны 20дан ашат деп мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков