Президент Астанада бир катар спорт обьектилерин кыдырды

Президент Астанада бир катар спорт обьектилерин кыдырды

Президент Касым-Жомарт Токаев Астанадагы бир катар спорттук жайларга барды. Алгач Бекзат Саттарханов атындагы спорт комплексинде болду. Бул жерде ар кандай деңгээлдеги спорттук иш-чаралар, ошондой эле калк үчүн ден-соолукту чыңдоо жана эс алуу программалары уюштурулат. Объекттин аймагында футзал, волейбол жана баскетбол аянтчалары, бокс, дзюдо, казак күрөшү жана башка спорт түрлөрү менен машыгуу үчүн жекеме-жеке спорт залдары жайгашкан. Президент массалык спортту өнүктүрүү үчүн мындай комплекстерди куруу керектигин белгиледи. Жаш мушкерлер жана футболчулар менен маектешти.

- Мен команданын капитанымын. Биз алдыда боло турган Казакстандын чемпионатына даярданып жатабыз. Футбол бизди ойногонду гана эмес, эмгекти жана достукту да үйрөтөт. Келечекте биздин максатыбыз - Казакстандын курама командасына кирип, дүйнө чемпионун жеңүү. Сиз менен көрүшкөнүбүзгө кубанычтабыз.

Мамлекет башчысы «Даулет» теннис борборуна барды. Мында 600 бала, алардын ичинен 85 окуучу бюджеттин эсебинен машыгат. Ошондой эле 57 спорттук-ден соолукту чыңдоо тобу иштейт. Борбор - калаадагы балдар көп барган, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар спортчуларды камтыган социалдык-спорттук объекттердин бири болуп саналат.

- Беш жашымдан бери теннис менен машыгам. Мага теннис абдан жагат. Мен республикалык турнирдин жеңүүчүсүмүн. Теннисте 3-даражадагы жаш өспүрүмдөр разрядым бар. Менин келечектеги максатым-өлкөмдү дүйнөгө таанытуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков