Казакстанда жүндү кайра иштетүү заводу ишке кошулат

Казакстанда жүндү кайра иштетүү заводу ишке кошулат

Казакстанда койдун жүнүнөн жылуулук изоляторлору чыгарылат. Актөбе облусунда 5 миллиард теңге суммасында жаңы инвестициялык долбоор ишке кирүүдө. Токума эмес материалдар италиялык технология боюнча даярдалат. Аны европалык инвестор өзү чыгарат. Бүгүнкү күндө келишимдерге кол коюлуп, заводдун курулушу башталды. Ишкананын кубаттуулугу жылына эки миң тоннадан ашык өнүм чыгарууга мүмкүндүк берет. Чийки зат аймактын жеке чарбаларынан сатып алынат. Ошол эле учурда бардык райондордо кабыл алуу пункттары пайда болот. Биринчи партиясы ушул жылдын аягында чыгарылат деп күтүлүүдө. Ички рыноктон тышкары өнүмдү Европага экспорттоо пландалууда.

 

Ерлан Жаңабергенов, жүндү кайра иштетүү ишканасынын мүдүрү:

 -Даяр өнүм чыгаруучу заводдун кубаттуулугу жылына 2100 тонна, чийки зат катары 3,5 миң тонна жүн кабыл алынат. Долбоордун жаңычылдыгы — уяң жүндүү койлордун жүнүн колдонобуз, чийки затты кой багуучулардан, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдөн алабыз. Айрым чарба кожолуктары жана айыл чарба башкармалыктары менен меморандумдар түзүлгөн. Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүүдө.

 

Белгилей кетсек, Актөбе облусунда Эдилбай койлору, казактын кыска куйруктуу койлору, казактын жарым куйруктуу жарым уяң жана цигай койлору өстүрүлөт. Аймакта  койлордун саны миллиондон ашат, алардан жылына 3 миң тоннадан ашык жүн кыркылып алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков