Акмола облусунун археологдору дагы бир табылга табышты. Красный Яр конушунан ботай маданиятына таандык байыркы экспонаттар чыкты. Ал жерден бир нече жебе, найза, балта, ийне жана башка куралдар казылган. Ичиндеги эң маанилүү буюмдар – сөөктөн жасалган бычак, гарпун жана оюп жасалган жылкынын сөөгү. Адистер баш-аягы 500дөй объектини аарчып алышкан. Алардын айтымында, узак убакыт өткөнүнө карабастан буюм-тайымдар жакшы сакталган жана ботай элинин кол өнөрчүлүгүнүн өнүккөндүгүн айгинелеп турат.
Руслан Хайыргелдинов, археолог:
- Быйылкы казуу иштеринде Ботай конуштарынан буга чейин табыла элек сөөктөн жасалган бычак чыкты. Ал эки тарабынан учталган. Ботай маданиятында 40 жылдан бери мындай бычак табылган эмес. Ошондой эле казуу иштеринде гарпундар да чыгууда. Ал негизинен 2000-жылдар аралыгында 20 жыл мурун табылган. Эми ушул Красный Яр конушунан ага туш болуп жатабыз. Демек биздин ботайлыктардын балык уулоо менен алектенгендигинин бир далили болуп саналат.
Археологдор табылган экспонаттар байыркы ботай элинин жашоо-турмушунан жана маданиятынан кабар берет - дешет. Мындагы илимий изилдөөлөр дагы эле жүрүп жатат. Анткени Ботай маданияты - дүйнөлүк тарыхчылардын изилдөөсү үчүн чоң дарамети бар багыт бойдон кала берет.
Куаныш Шакшаков, «Ботай» тарыхый-маданий фондунун мүдүрү:
- Ботай маданияты эмес Ботай цивилизациясы десек ашыкча болбойт. Анткени цивилизация жаңы дүйнө жаралганда айтылат. Бул жердеги эстеликтер баарыбыз билген, уккан Египет, Вавилон, Тигр жана Евфрат, Шумерлер, Аккад цивилизацияларынан кем калышпайт.
Казуу учурунда табылган бардык экспонаттар эсепке алынат. Алардын сыпаттамасы жазылып, номери жана күнү белгиленет. Андан кийин гана кошумча изилдөөгө жөнөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков