Нур-Султанда «Кенесары хан» аттуу китебинин бет ачары болду. Жыйнакка баатырдын жана анын жанында жүргөн Наурызбай, Саржан, Есенгелди сыяктуу баатырларынын эрдигин сүрөттөгөн уламыштар, тарыхый ыр-дастандардын тандалма үлгүлөрү киргизилген. Чыгармада Кенесарынын хандыкка татыктуу асыл мүнөзү, жортуулдары, аны ээрчиген жоокерлердин элеси чыныгы жана көркөм баяндалат. Белгилей кетсек, анын өмүрү жана боштондук үчүн болгон салгылашуулары тууралуу көптөгөн уламыштар аз эмес. Алгачкы нускалары 19-кылымдын башында жазыла баштаган. Жаңы эмгекте архивдик маалыматтар да камтылган.
Жабал Ергалиев, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу:
- Тарыхый негизде жазылган биздин окумуштууларыбыздын, тарыхчыларыбыздын, академиктерибиздин Кенесары Касым уулунун эрдигин, өмүр жолун изилдеген тарыхый негизде жазылган илимий жактан негизделген, архивдик маалыматтары басылып чыкты. Ошондуктан өз убагында жарык көргөн бул баалуу эмгек кийинки муундарга керек. Менимче, бул дагы эле жүрүп жаткан иш деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков