Чарын капчыгайынын туристтерге таанымалдуулугу артууда

Чарын капчыгайынын туристтерге таанымалдуулугу артууда

Өткөн жылы Чарын улуттук паркына 35 миңге жакын турист келген. Быйыл паркка туристтер эки эсе көп келээри күтүлүүдө. Белгилей кетсек, жергиликтүү жана чет элдик конокторго ыңгайлуу болушу үчүн бардык каттам боюнча эскертүүчү белгилер жана атайын жабдылган эс алуучу жайлары орун алган. Аба ырайына көз салып турган автономдуу метеорологиялык станция да иштеп жатат. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлардын жанына боз үйлөрдү тигип, глэмппингтерди орнотуу пландалган.

Аргентиналык Пабло Феттердин Казакстанга биринчи сапары. Аны Чарын капчыгайынын кайталангыс пейзаждары менен Алматы облусунун жаратылышынын кооздугу таң калтырды.

Пабло Феттер, турист:

- Казакстандагы пейзаж 50 чакырым сайын өзгөрүп тургандай. Мисалы, бир аз жол жүрсөңүз Швейцариянын Альпы тоолорундай табиятты көрүүгө болот. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ээн талаага туш болосуң. Азыр өзүмдү Американын капчыгайында жүргөндөй сезем. Сиздер өзгөчө жаратылышы бар өлкөдө жашап жатасыздар. Муну дүйнөлүк деңгээлде кеңири жайылтуу керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков