Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери да өлкөнүн IT адистери тарабынан түзүлгөн веб-платформаны жана мобилдик тиркемени колдонууга ниеттенүүдө. Ушул жана башка ата мекендик мыкты технологиялык долбоорлор тууралуу кененирээк кабарчынын материалында.
Бүгүнкү күндө жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жана маалыматтарды каттаган аппараттар барган сайын көбөйүүдө. Бирок видео жазуудан тышкары адамдын мас абалынын деңгээлин жана транспортту башкарууга жарамдуулугунун жалпы абалын көзөмөлдөгөн системалар дээрлик жок. Мындай уникалдуу долбоорду казакстандык студенттер ойлоп табышты. Аны иштеп чыгуучулардын максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу. Бул ойлоп табуунун КМШда теңдеши жок экени айтылууда. Эми долбоорду өндүрүш линиясына коюу максаты турат.
Асылхан Кали, Көкшетау шаары, Назарбаев интелектуалдык мектебинин окуучусу:
- Чоң атам унаа айдап баратып эсин жоготуп койот. Мени бул көйгөй абдан тынчсыздандырчу. Ошондуктан, биз команда чогултуп, кичинекей видеорегистратордун үлгүсүн түздүк. Ал сигналдын жардамы менен адамды уйкудан ойготот. Эгерде адам бат-баттан көзүн кысып, башын ылдый түшүрүп, эстей берсе же көзүн көпкө жумуп турса, аны атайын алгоритм аныктап, адамды кадимки абалына келтире турган белги берет. Ошондой эле, биздин видеорегистратор спирт ичимдиктерин ичкен адамдын жытын таанып, жол эрежесинин бузулушун көзөмөлдөйт.
Казакстандын жаштары сунуш кылган технологиялык стартаптардын көбү өлкөгө кызмат кылууну көздөйт. Алардын мыктылары бир аянтчада жолугушту. Максаты – социалдык мааниси бар, коомго пайдалуу долбоорлорду колдоо. Жаңыдан күч алган долбоорлор болсо да, алардын айрымдары жергиликтүү рынокту багындырууга жетишкен. Эми алар дүйнөлүк рынокко чыгууну карап жатышат.
Ердаулет Апсатар, IT компаниясынын башчысы:
- Ар кандай корпоративдик университеттер үчүн окуу процессин башкаруу платформасы. Учурда Казакстандын ондогон уюмдарында колдонулуп жатат. Келерки максатыбыз – тышкы рынокко чыгуу. Биздин биринчи демилгебиз Дубайда ордун табат деп ойлойбуз. Азыр бир нече келишимдер даярдалып жатат.
Саяжан Оңласын, долбоорду иштеп чыгуучу:
- Бул веб-платформа жана мобилдик тиркеме ишкерлерге бир чыкылдатуу менен өз өнүмдөрүн жүктөө жана бизнесин тез онлайн системага которууга, башкача айтканда, толук кандуу онлайн дүкөн ачууга мүмкүндүк берет. Долбоор Борбор Азиянын рыногуна багытталган. Башкача айтканда, биз Казакстан менен эле чектелбейбиз. Жок дегенде Өзбекстан менен Кыргызстандын базарларына чыгууну пландап жатабыз.
Белгилей кетсек, эң мыкты технологиялык чечимдерди колдоо боюнча NURIS Startups программасы ишке киргенден бери 180ден ашык казакстандык долбоорлор ишке ашырылды. Алар болжол менен 2 миллион долларга жакын инвестиция тарткан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков