Бээжиндеги XXIV кышкы олимпиада оюндары аяктады

Бээжиндеги XXIV кышкы олимпиада оюндары аяктады

Кытайда 24-кышкы Олимпиада оюндары аяктады. Бээжиндеги Улуттук стадиондо төрт жылдыктын негизги мелдешинин жабылыш аземи өттү. Бул жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн дүйнөдөгү жалгыз шаар. 91 өлкөдөн 3000дей спортчу спорттун 15 түрү боюнча күч сынашты. Медалдардын көбүн Норвегиянын командасы жеңип алды. Экинчи орунду Германия ээлесе, алдыңкы үчтүктү Кытай курамасы толуктады. Казакстандык спортчулар байгелүү орундарды ала алышкан жок. Бирок бул олимпиада казакстандык шорт-трекчилердин жогорку көрсөткүчтөрү менен эсте калаары анык. 500 метрге чуркоодо Абзал Ажгалиев медалга бир аз гана жетпей, төртүнчү орунду ээледи. Жалпысынан өлкө атынан 34 спортчу катышты. Эске салсак, Бээжин Олимпиадасы бирдин айынын 4-20 күндөрү аралыгында өттү. Эми Кытай жеринде Паралимпиадалык оюндар жалган куран айынын 4-13 күндөрү аралыгында өтөт.

Чжан Имоу, кышкы Oлимпиада-2022 ачылуу жана жабылуу аземинин мүдүрү:

- Биз башынан эле аземде жылдыздар, актёрлор болбойт деп айтканбыз. Жөнөкөй жарандарга көңүл буруп, алардын колдоосуна таянабыз. Аткаруучулардын көбү жогорку окуу жайлардын, башталгыч жана орто мектептердин өкүлдөрү. Биздин максат - аземдин жөнөкөйлүгү. Жабылыш аземинде спортчуларга өзгөчө көңүл бурулат.

Жабылыш аземинде Кытай кышкы Олимпиаданын эстафетасын Италияга өткөрүп берди. Төрт жылдан кийин Милан менен Кортина-д'Ампеццо шаарлары 25-Олимпиада оюндарын өткөрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков