2025-жылкы жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерин каржылоо башталды

2025-жылкы жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерин каржылоо башталды

Казакстанда 2025-жылдын жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерин каржылоо башталды. Бул максатта 700 миллиард теңге каралган. Алардын ичинен 560ка жакыны рынок булактарынан тартылат. Ошондой эле, өлкөдө жылдык 5% деңгээлинде сыйакы көлөмүн «Кең талаа 2» программасы боюнча каржылоо механизми ишке киргизилди. Мындан тышкары, 684 айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн 82 млрд теңгеге арыздардын жалпы пулу түзүлдү. Алардын ичинен 176сы жумушка алынды. Каржылоо экинчи деңгээлдеги банктар, насыя шериктештиктер, социалдык ишкердик-корпорациялар жана агрардык насыя корпорациялар аркылуу жеткиликтүү. Өкмөттөн белгилешкендей, каржылоо алгач жазгы талаа жана оруп-жыюу иштерине чейин башталган. Бул фермерлерге үрөндөрдү, жер семирткичтерди алдын ала сатып алууга, техниканы даярдоого жана бардык зарыл иштерди сапаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков