Казакстандын агроөнөр жай комплекси чет элдик инвесторлор үчүн тартымдуу. Адистердин айтымында, биринчи кварталда тышкы каржылоонун үчтөн бири ушул тармакка тиешелүү. Жалпысынан аталган мезгилде республикага келген түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 7 миллиард долларга жакын. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 54 пайызга көп. «Kazakh Invest» компаниясынын өкүлү республикага чет элдик капиталдык салымдардын агымы тууралуу айтып берди.
Мейиржан Юсупов, «Kazakh Invest» компаниясынын башкарма төрагасы
- Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, быйыл өлкөдө инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү пулу түзүлүп, учурда жалпы суммасы 30 триллион теңгеден ашык 797 долбоор бар. Ага мунай-химия, кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси, туризм, логистика, транспорт жана башка долбоорлор кирет. Башкача айтканда, маанилүү аймактар. Ар бир квартал сайын пул жаңыланып, жаңы долбоорлор менен толукталат.
Компаниянын маалыматы боюнча, инвестициялык долбоорлордун пулунда 35тен ашык өлкө бар. Казакстандын экономикасына 2 миллиард доллар инвестиция салган Нидерланды алдыңкы орунда. Тизмеден кийин АКШ, Швейцария, Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Бельгия, Улуу Британия, Франция жана Түркия турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков