Казакстан жүргүнчүлөр жана жүк ташуу боюнча эл аралык темир жолу желесин өнүктүрүүдө

Казакстан жүргүнчүлөр жана жүк ташуу боюнча эл аралык темир жолу желесин өнүктүрүүдө

Быйыл Казакстандын транспорттук транзиттик дараметин арттырган эки жаңы темир жол линиясы ишке кошулат.  Келерки айда Достык — Мойынты экинчи жолунда поезд жүрө баштайт. Долбоор бул багыттын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 5 эсеге жана чоюн автотранспортунун ылдамдыгын суткасына 1500 чакырымга чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Алматыны айланып өтүүчү темир жолдун курулушу ушул жылдын аягына чейин бүтөт. Натыйжада бул түйүндөгү жүк 40%га чейин кыскарып, жүктөрдү жеткирүү убактысы 24 саатка азаят. Кошумчалай кетсек, учурда Казакстанды коңшу мамлекеттер менен байланыштырган Дарбаза-Мактаарал жана Бакты-Аягөз темир жол линияларын куруу иштери жүрүп жатат.

Жанибек Тайжанов, Транспорт министрлигинин темиржол жана суу транспорту комитетинин төрагасы:

- Бул долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия багыты боюнча 20 млн тоннага чейин, ал эми Кытай багыты боюнча 25 млн тоннага чейин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кошумча жогорулатууга мүмкүндүк берет. Аталган долбоорлорду аяктоо мөөнөтү тиешелүүлүгүнө жараша 2026-2027-жылдар. Муну менен катар, быйылкы жылдан тартып Транказакстан темир жол коридорун масштабдуу өнүктүрүү башталды. Бул коридор Транскаспий жолунун негизги звеносу болмокчу.

Транспорт министрлигинин өкүлү саякатчылардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган демилгелери менен бөлүштү. Бүгүнтөн тарта кулжа айынын 7не чейин Сиань-Алматы ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди каттай баштайт. Бул курам Казакстандагы  Кытай туризминин жылы алкагында уюштурулууда. Өткөн жылы Алматы — Түркестан — Ташкент — Самарканд — Бухара багыты боюнча «Jibek joly» жана «Keruen Express» туристтик поезддери иштей баштады. Алар 5 жолу саякат жасашты. Туристтик агенттиктердин өтүнүчү боюнча бул поезддердин каттамы быйыл да уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков