Адай жылкысы Казакстандын улуттук бренди деп таанылды. Республиканын Юстиция министрлиги жалпы алты жаңы тукумду өлкөнүн селекциялык жетишкендиги катары патенттеди. Бул адай тулпарларын мындан ары да мыктылоого жана сактоого, ошондой эле, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. Эскерте кетсек, президент Касым-Жомарт Токаевдин Маңгыстау облусуна жасаган сапарынын натыйжасында Өкмөткө Адай жылкы тукумун илимий жактан таануу жана көбөйтүү боюнча иштерди тез арада жүргүзүү тапшырмасы жүктөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамабеков