Жаштар – жаңы Казакстандын тиреги

Жаштар – жаңы Казакстандын тиреги

Жаңы Казакстанды куруу жолунда жаштарга ишеним зор. Президент алардын бизнес демилгелерин ар тараптуу колдоону тапшырды. Ошону менен бирге, «Жаштар тажрыйбасы», «Алгачкы жумуш орду» долбоорлоруна катышууну күчөтүү жана айлык акыны жогорулатуу көздөлүүдө. Башкача айтканда, жаштар жумушсуз жүрбөй, туруктуу киреше булагы менен камсыз болушу керек. Муну өлкөнүн жигердүү жаштары жакшы түшүнүп, колдоп жатат. “Өлкө болом десең, бешигиңди түздө” дейт элдик даанышмандык. Борбор калаадагы “Жас Отан” жаштар канатынын төрагасы Багдаулет Жандилдаев өсүп келе жаткан муундун жаштайынан эмгекчил болушуна өзгөчө басым жасоону колдойт. Билимге болгон каалоону ойготуп, максаттарга, пландарга дем берүүчү мамлекеттик программалар бар экенин түшүндүрүү зарыл, дейт ал.

Багдаулет Жандилдаев, «Жас Отан» ЖК Нур-Султан шаардык филиалынын төрагасы, маслихат депутаты:

- Жаштар арасында укуктук сабаттуулукту күчөтүү зарыл. Аларды билимге тартууда чоң көйгөй бар. Бул иш аткарылат деп ойлойм. Биринчиден, муну өзүбүз жасайбыз. Борбордо дагы жаштарды колдоо боюнча көптөгөн демилгелерди колго алып жатабыз. Аларды батир менен камсыз кылуу үчүн “Борбор жаштары” деген программаны ишке киргиздик. Мындан тышкары, иштеген жаштар үчүн ижарага батирлер, көптөгөн программалар бар. Жыл сайын орто адистештирилген колледждерге жергиликтүү бюджеттен 4 миңден ашык грант бөлүнөт. Маслихат тараптан биз аны колдоп, карап, көзөмөлдөп турабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков