Максаты-гендердик теңчиликти сактоо. Аны Казакстандагы БУУнун өкүлчүлүгү өлкөнүн улуттук почта оператору менен биргелешип уюштурууда. Акция алкагында атайын постерлер иштелип чыккан. Алар республиканын эки миңден ашык почта бөлүмдөрүнө илинди. Атайын QR-коддун жардамы менен онлайн сурамжылоодон өтүүгө болот. Ал аялдар укугун коргоо темасына арналган.
Элнара Байназарова, БУУ Казакстандагы ЖМК жана коммуникация боюнча кеңешчиси:
- Биз 10 жыл убакытта кайсыл багытта иштедик, соңку кездери дал ушул жагына көңүл бурдук. Атап айта турган болсок, бул аялдардын саясий жана экономикалык дараметин арттыруу, катып калган гендердик эрежелери менен күрөшүү чаралары деп айтат элем. Айрыкча, бул алкактын чегинен чыкпаган ойлорду, патриархалдык көз караштарды өзгөртүү багытында көп иштерди жасадык.
Быйыл эл аралык аялдар күнү алардын технологиялык тармактардагы жигердүүлүгү темасына арналып жатат. БУУнун маалыматы боюнча дүйнө мамлекеттерине бөлгөндө аталган тармактагы кыз-келиндер коомчулугунун салымы эркектер менен салыштырганда 28%га аз. Адистердин айтымында, жетекчилик кызматтарда жаматты жетектеген аялдардын саны мындан да көп.
Элнара Байназарова, БУУ Казакстандагы ЖМК жана коммуникация боюнча кеңешчиси:
- Эгер инженердик, технологиялык тармактагы башчылык кызматтарды эсепке ала турган болсок, айырма чоң, жалпы кадрлардын 3төн 17 пайызы гана аталган тармактарда түрдүү кызматка ээ. Быйыл бардык тема санариптештирүү, илимий-техникалык, инженердик, жасалма интеллектти өнүктүрүү тармактарын камтып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков