Казакстанда нан менен канттын баасы
көтөрүлбөйт. Бул социалдык маанидеги өнүмдүн баасын жогорулатууга негиз жок.
Бул тууралуу бүгүн атайын брифингде Улуттук азык-түлүк корпорациясынын
төрагасынын орун басары Самат Тенбаев билдирди. Анын айтымында, бир гана Жетису
аймагында быйыл кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмү 30%га өскөнү байкалат. Буга
дыйкандар үчүн чийки затты өстүрүүгө субсидиялардын көбөйүшү чоң түрткү болду.
Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин отчетуна ылайык, азык-түлүк коопсуздугу
боюнча азыркы абал жаман эмес. Тамак-аш өндүрүшү 4 пайызга, аталган тармакка
инвестициянын көлөмү 15 пайызга өскөн. Бирок, тышкы факторлор жеке тамак-аштын
жетишсиздигине таасир этиши мүмкүн, дейт Соода министрлиги.
Айдар Абилдабеков, ТИМнин соода комитетинин төрагасы:
-Тышкы рыноктор Казакстанга түз же кыйыр түрдө таасирин тийгизиши таң калыштуу эмес. Ошондуктан, биз тобокелге даяр болушубуз керек. Буга байланыштуу Кызылордада күрүч жарманкесин өткөрдүк. Ал жакка бардык аймактык социалдык ишканалар, акимчиликтер атайын барып, келишим түзүшкөн. Ошондой эле, азык-түлүк корпорациясы келишимге кол койду. Күрүч кору болушу үчүн көп каражат бөлүндү.
Ошол эле учурда өлкө бүгүнкү күндө казак данын экспорттоо үчүн жаңы рынокторду издөөдө. Маселен, жыл башынан бери Кытайга беш жүз миң тоннага жакын ата мекендик буудай жөнөтүлгөн. Жакынкы жылдарда сооданын көлөмүн 1 миллион тоннага жеткирүү көздөлүп жатат.
Самат Теңбаев, «Азык-түлүк келишим корпорациясы» УК АК
башкарма төрагасынын орун басары:
-Биз Казакстандын салттуу базарларында, өзгөчө Борбордук Азияда кайра иштетилген буудайды сатуу үчүн атаандаштык күчөп жатканын көрүп жатабыз. Бул мамлекеттерге 5 миллион тоннага чейин эгин жөнөтөбүз. Анткени чын куран айынан бери атаандаштык пайда болгонуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын рыногун ачуу иштери кызуу жүрүп жатат. Негизги көйгөй инфраструктуралык, кубаттуулук, жарым миллион тоннага жакын жүк ташылды. Бул азык-түлүк корпорациясына гана эмес, дан рыногунун бардык катышуучуларына тиешелүү. Келечектеги максат – экспорттун көлөмүн миллионго жеткирүү. Бизден теориялык жактан 3-5 миллион тонна буудай импорттой алат. Борбор Азия өлкөлөрү бизге жакын жайгашкандыктан, андыктан салт боюнча ал үчүн күрөшүүнүн кереги жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков