БУУ Коопсуздук Кеңеши Украина боюнча жыйын курду

БУУ Коопсуздук Кеңеши Украина боюнча жыйын курду

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча чукул жыйыны аяктады. Уюмдун баш катчысынын орун басарынын айтымында, Орусиянын Украинанын чыгыш аймактарын таануусу өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу болуп саналат. Розмари Ди Карло кырдаалга өкүнүчүн билдирип, анын аймактык жана глобалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Бириккен Улуттар Уюму бардык тараптарды согуштук аракеттерди дароо токтотууга жана азыркы каатчылыкты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча ишти баштоого чакырат.

Розмари Ди Карло, БУУнун Баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары:

- Албетте, чоң чыр-чатактын чыгуу коркунучу бар. Кандай болгон күндө да аны болтурбоо керек. БУУнун баш катчысы аталган каатчылыкты дипломатиялык жол менен чечүүнү колдойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков