Мамлекеттик билим берүү гранттарын тапшыруу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. 2022-2023-окуу жылына жалпысынан 73 миңден ашык грант каралган. Өткөн жылы магистранттарга 56 миңден көп грант бөлүнгөн. Тапшыруу сынагына катышуу үчүн жалпысынан 80 миңге жакын арыз түшкөн. Өтүнмөлөрдүн көбү педагогикалык кесиптерге багытталган. Саясат таануучу, тиш доктур болууну каалаган жаштар да арбын.
Ержан Амирбек уулу, Казакстандын илим жана жогорку билим министрлиги департаментинин мүдүрүнүн орун басары:
- УБТ тапшырып, бирок чектик балл ала албай калган абитуриенттер болушу мүмкүн. Алардын кам саноосуна эч кандай негиз жок. Баары жогорку окуу жайларына шарттуу түрдө кабыл алынат. 1 семестр окуп, үчтүн айында боло турган сынакка катышып, тиешелүү босого баллын чогулткандан кийин толук студент макамында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы калктын социалдык аялуу катмарына бөлүнгөн гранттардын саны көбөйтүлгөн. Башкача айтканда, көп балалуу же толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле өзгөчө билимге муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдүн студенттери алууга артыкчылыктуу мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков