Казакстанда аяк оона айынын 1и билим күнү. Жаңы окуу жылында 380 миңден ашык
бала биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Алардын 70%га жакыны мамлекеттик
тилде окууну каалагандыктарын билдиришкен. Билим берүү министрлигинин маалыматы
боюнча, биринчи класска барган окуучулардын эң көп саны Алматы шаарында, Түркестан
жана Алматы облустарында катталган. Жаңы
окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн саны да рекорддук көрсөткүчкө жетти. 11-класста
188 миң 900 окуучу билим алат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан 7700
орто билим берүү уюмдары эшигин ачты. Ата мекендик окуучулрга 340 000ден ашык
мугалим сабак берет. Жаңы окуу жылында бардыгы болуп 4 миллионго жакын казакстандык
окуучу билим алат. Билим берүү министри Гани Бисембаевдин айтымында, жалпысынан
2023-2024-окуу жылында 132 миң окуучуга эсептелген 154 жаңы мектеп пайдаланууга
берилмекчи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков