3,6 миң казакстандыкка жаңы бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн гранттар берилди

3,6 миң казакстандыкка жаңы бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн гранттар берилди

Белгилей кетсек, мамлекеттик колдоо Казакстанда ишкердикти өнүктүрүү боюнча улуттук долбоордун алкагында көрсөтүлөт. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эң көп кайрылуу Түркестан, Жамбыл облустарынан жана Шымкент шаарынан түшкөн. Ал эми эң азы Улытау менен Акмола облустарынан. Белгилей кетсек, грантка көп балалуу үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдар, атайын социалдык жардам алуучулар, жакындарын жоготкондор, кандаштар жана эмигранттар кайрыла алышат. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү бизнес-планды бизнес-идеянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө, сатуу рыногун өнүктүрүүгө, бизнес-долбоордун каржылык жөндөмдүүлүгүнө, ишкердик жөндөмүнүн деңгээлине, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жараша баалады. Кошумчалай кетсек, быйыл жалпысынан 9 миң грант берүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков