23 өлкөдө eGov.kz порталынын 5 түрдүү жаңы кызматы жеткиликтүү

23 өлкөдө eGov.kz порталынын 5 түрдүү жаңы кызматы жеткиликтүү

Казакстандын мамлекеттик кызматтары онлайн режиминде чет өлкөлөрдө да жеткиликтүү. Чет жакта жүргөн казакстандыктар eGov.kz порталынын 5 жаңы кызматын пайдалана алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос өнөр-жайы министри Багдад Мусин коомчулукка отчёт берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнөнүн 23 өлкөсүндө жүргөн мекендештер нике кыюуга же ажырашууга, төрөлүүгө, кайтыш болууга жана аты-жөнүн, фамилиясын, атасынын атын өзгөртүүгө байланыштуу документтерди портал аркылуу тапшыра алышат. Келечекте өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилет. Мекеме башчысы эми Казакстанда ишкерлик кылам деген чет өлкөлүк жарандар үчүн бул жакка келүүнүн кажети жоктугун билдирди.

Багдат Мусин, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы министри:

- Чет элдеги биздин элчиликтерибизге чет өлкөлүк жарандар келип, паспортторун көрсөтүп, жеке идентификациялык номерин ала алышат. Ошол эле ИИН аркылуу электрондук санариптик кол тамга алууга болот. Ушул электрондук санарип кол тамгасынын аркасында ал Казакстанга келбей эле өз ишин баштай алат. Бул инвестициялык климатты андан ары өнүктүрүү дегенди билдирет.

Буга кошумча, «eGov Mobile» тиркемесинде санариптик документтердин 15 түрү бар. Үйдөн чыкпай туруп эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу кызматтарды алуу үчүн санариптик документ кызматын экинчи деңгээлдеги банктар менен интеграциялоо ишке ашырылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков