Үч күндө эле 41 миллион теңгеге жакын акча чогултулду. Бул тууралуу Түркиянын Казакстандагы элчиси Уфук Экиджи Астанада өткөн брифингде билдирди.
Уфук Экиджи, Түркиянын Казакстандагы элчиси:
- Казакстандык боордошторубуздун дароо эле жардам колун сунганы кубантты. Биз Казакстандын президентине жана бардык мамлекеттик органдарга ошондой эле казак элине көрсөткөн колдоосу үчүн чексиз ыраазычылык билдиребиз.
Белгилей кетсек, Казакстан Түркияга гуманитардык жардам катары 1 миллион доллар бөлгөн. Тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алды. Каражат өлкөнүн жана башка мамлекеттердин аймагындагы табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюуга 2023-жылга республикалык бюджетте каралган өзгөчө резервден бөлүндү. Акча атайын эсепке которулду. Ошол эле учурда казакстандык куткаруучулардан турган эки топ Түркиядагы издөө-куткаруу иштерине катышып жатат. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү, бирдин айынын 6да эки жолу катуу жер титирөө болгон. Жер титирөө өлкөнүн башка аймактарында да сезилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков