Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, жолдордун климаттык шарттары боюнча болгон маалыматтар атайын базада онлайн режиминде сакталат. Жолдун үстүнкү катмарынын тез бузулуп кетишинин негизги себептеринин бири – жол курулушун долбоорлоодо жергиликтүү климаттын эске алынбаганы. Адистер жол көйгөйлөрүн болтурбоо үчүн жаңы трассаны төшөөдөн мурда аймактагы аба ырайы тууралуу кеңири маалымат алуу керектигин айтышат. Андыктан Казакстан жол илимий-изилдөө институтунун адистери республикадагы жол тилкесинин нымдуулук режимине байкоо жүргүзөт. Бул үчүн өлкө боюнча климатты өлчөөчү 28 станция орнотулган. Ар бири ондогон өлчөө приборлору менен жабдылган. Институттун адистери бул жабдыктардын жардамы менен жергиликтүү жердин температурасын жана нымдуулугун так аныктай алышат. Маалыматтар саат сайын онлайн режиминде жаңыланып турат. Мындан тышкары, паспортто ар бир өлчөөчү станциянын дареги, тоңдуруу тереңдиги жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу критикалык идентификациялык белгилер камтылат. Жакынкы аралыкта кошумча 15 өлчөөчү станцияны орнотуу мерчемделүүдө. Ошондой эле, келечекте диалог режиминде керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берүүчү электрондук альбом түзүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков