Минскте окуучулар казак тилин үйрөнүшөт

Минскте окуучулар казак тилин үйрөнүшөт

Минск шаарындагы Мухтар Ауэзов атындагы орто мектептин окуучулары казак тилин үйрөнүшөт. Казак тилин үйрөнгөн окуучулар атайын олимпиадада да билимин сынап көрүүнү көздөшүүдө. Мындан сырткары мектеп жетекчилиги жыл сайын Абай жана Мухтар таануу сабактарын өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Эске сала кетсек, Беларустун борборундагы билим берүү мекемесине 2009-жылы Мухтар Ауэзовдун ысымы ыйгарылган. Анын алдында Аль-Фараби атындагы класс ачылган. Эми казак элинин түпкү тарыхына, салтына, адабиятына жана маданиятына өзгөчө көңүл бурулат.

Вадим Панасевич, Мухтар Ауэзов атындагы мектептин мүдүрү:

Окуучулар гана эмес, чоңдор да казак тилин үйрөнүүнү каалагандар көп. Ошондуктан бул маселе учурда элчилик менен талкууланып жатат. Лекцияларга Казакстандан атайын мугалимдерди чакыралы деп пландап жатабыз. Себеби, ошол тилде сүйлөгөн, казак тилин мыкты өздөштүргөн мугалимдин даражасы жогору болору анык. Мындан тышкары казак тилин тез жана толук үйрөнүү үчүн да керек. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болот.

Станислав Будницкий, окуучу:

Мен казак элинин тарыхына, тилине абдан кызыгам. Биздин мектепте казак тили классынын ачылышы мени абдан кубантты. Мен бул мектепте окуганыма сыймыктанам. Казакстан тууралуу көптөгөн маалыматтар менен тааныштым. Эми өзүм баргым келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков