Коопсуздук башкы көңүлдө

Коопсуздук башкы көңүлдө

Бүгүнкү күндө илимпоздор бул багытта түрдүү жаңылыктарды ойлоп табууда. Алардын бири Турарбай Бектаров. Анын ойлоп тапкан долбоору жарыктандырылып, жолдун четине жайгаштырылат. Бул түнкүсүн өтмөктүн жакшыраак көрүнүүсүн камсыздайт.

Турарбай Бектаров, жаш ойлоп тапкыч:

- Азыркы учурда жүргүнчүлөр жол өтмөктөрдү жыл сайын боёп туруу талап кылынат. Ал үчүн аталган аймакта унаа кыймылын токтотуу керек. Мунун баары кошумча чыгымдарды талап кылат. Ал эми бул долбоор 10 жылдан ашык кызмат кыла алат. Мындай акылдуу жол белгилөө системасы Европанын шаарларында колдонулат. Казакстанда жыл сайын жөө жүргүнчүлөр менен кагылышуу көп катталат. Мындай система бул статистиканы 2 эседен ашык кыскартышы мүмкүн.

Ошол эле учурда республикалык маанидеги жолдорго жарыктандырылган өтмөктөр орнотулууда. Бүгүнкү күндө Алматы облусунда мындай беш жөө өтмөк жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздайт. Негизинен алар жөө жүргүнчүлөр көп жүргөн аймактарда - калктуу конуштарда, окуу жайларында, медициналык борборлордо жана башка жерлерге жакын жерде орнотулат.

Ляззат Стамгазиева, «Казавтожолдун» расмий өкүлү:

- Жарык белгилөө учурда колдонулуп жаткандарды алмаштыра албайт. Бирок түнкүсүн атайын гобо-жарык берүүчүлөрдүн жардамы менен жарыктандырылып турат. Проекция айдоочуларга жолду кесип өтүп бараткан жөө жүргүнчүлөрдү 100-150 метр аралыктан байкоого мүмкүндүк берет. Проекциялык жол өтмөктөр аба ырайынын начар шарттарында да ачык көрүнүп турат. Мындай аба ырайында жолдогу ак жана сары тилкелер айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө даана көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө республиканын тогуз аймагындагы республикалык маанидеги унаа жолдордо 30га жакын инновациялык жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр бар.

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында Казакстандын жолдорунда 4500гө жакын жол кырсыгы катталган. Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, республикалык деңгээлдеги жолдордо жаракат алуунун эң жогорку деңгээли катталган. Тактап айтканда, жол кырсыктары жөө жүргүнчүлөр белгиленбеген жерден, жол чырактын тыюу салынган жеринен өткөндө катталат. Ал эми “күйүп жаткан” өтмөктөр сыяктуу жаңычылдыктар жөө жүргүнчүлөр арасындагы кырсыктарды азайтуу чараларынын бир бөлүгү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков