Премьер-министр Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн Ата-мекендик ишкерлер кеңешинин жыйынында актуалдуу маселелер жана тармакты өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды. Бүгүнкү күндө республикада өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуудан тартып кайра иштетүүнүн багытын кеңейтүүгө чейин зарыл чаралар колго алынууда. Маселен, жакында эле геологиялык чалгындоо иштерине жакшыртылган моделдик келишим киргизилди. Ал көмүртектерди, анын ичинде газды чалгындоо жана өндүрүү менен байланышкан долбоорлорго ченемдик жана фискалдык преференциялардын пакетин камтыйт. 2023-жылы инвестиция көлөмү 6 миллиард долларды түзгөн документке кол коюлду. Учурда 2 миллиард доллардык инвестициялык келишим түзүлүүдө. Мунай жана газ химия өнөр жайы да жигердүү өнүгүп келе жатат. Тактап айтканда, өткөн жылдын аягында кубаттуулугу 500 миң тонна полипропилен чыгарган ири мунай-химиялык завод ишке берилди. Ошондой эле, жалпы баасы 12 миллиард долларды түзгөн полиэтилен жана бутадиен өндүрүү боюнча дагы төрт ири долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, бул жаатта электрондук аукциондорду өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган чаралар кабыл алынды. Бул жаатта белгилей кетүүчү жагдай, ОПЕКтин маалыматы боюнча Казакстан мунай экспорттоочу ТОП-10 өлкөгө кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков