2026-жылы казакстандык товар өндүрүүчүлөр тизмесинин санариптик тутуму ишке кошулат

2026-жылы казакстандык товар өндүрүүчүлөр тизмесинин санариптик тутуму ишке кошулат

Казакстандык товар өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул санариптик платформа өлкөдөгү ишканалар жана алардын жергиликтүү өнүмдөрү тууралуу толук маалыматты камтыйт. Өкмөттүн жыйында келерки жылдын үчтүн айынын 1нен тарта реестр чыныгы ата мекендик өндүрүшчүлөрдү аныктоочу механизмге айланаары өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Ага адал ишкерлер автоматтык түрдө кошулат. Санариптик система жасалма өндүрүүчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Өнүмдү сатып алууда реестрге кирген өндүрүүчүлөргө артыкчылык берилет. Ири ишканалар өздөрүнүн айланасында чакан жана орто бизнестин аймагын түзүп, мамлекет ичиндеги баалуулук программаларын иштеп чыгышы керек. Бул аларды бизнесин кеңейтүүгө же жаңы өндүрүш объектилерин ачууга үндөйт.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-минитсри:

- Натыйжада импорттун көлөмү жана өндүрүштүк чыгымдар азаят, ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана аларга суроо-талап жогорулайт. Мамлекет ичиндеги баалуулукту өнүктүрүү деген - жаңы өндүрүштөрдү түзүүнү гана эмес, жаңы технологиялардын трансфертин, илимди өнүктүрүүнү, жаңы жумуш орундарын жана жаңы компетенцияларды калыптандырууну да билдирет. Мындай мамиле өлкөнүн экспорттук дараметине оң таасирин тийгизет. Экономиканы ар тараптандырууну, иш менен камсыз кылуунун жана калктын бакубаттуулугунун өсүшүн камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков