2024-жылы ШКУ энергетикалык стратегиясы кабыл алынышы мүмкүн

2024-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү Стратегиясы кабыл алынат. Бул тууралуу Астанада өтүп жаткан KAZENERGY форумунун алкагында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жыйынында белгилүү болду. Белгилей кетсек, стратегиялык документ Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен казак тараптан иштелип чыккан. 2030-жылга багытталган документ алты тармактык артыкчылыкты камтыйт. Атап айтканда, мунай жана газ, электр энергиясы, альтернативдик энергия булактары, атомдук энергетика, көмүр өнөр жайы, энергияны үнөмдөө боюнча биргелешкен иш-чаралардан турат. Стратегиянын алкагында эл аралык уюмдун мүчөлөрү тажрыйба алмашуу менен бирге адистерди даярдоо жана биргелешкен илимий жана прикладдык техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү көздөлүп жатат.

Алмасадам Саткалиев,  Энергетика министри:
- Мындай ыкма пайда болуп жаткан энергетикалык көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө жана бул багыттагы кызматташтыкты уюштурууну заманбап чакырыктарга ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет деп ишенем. 2024-жылдын кулжа айында борбор калаада өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында бардык кызыкчылыктарды эске алган биргелешкен стратегиялык документке кол коюу боюнча макулдашууга жетишебиз деп ишенем.  

Сохаил Хан, Шанхай кызматташтык уюму башкы катчысынын орун басары:
- Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна 26 мамлекет мүчө. Алардын баары дүйнөдөгү энергетика тармагындагы маанилүү жана негизги оюнчулар. Бул катарда Орусия, Кытай, Казакстан, Иран, Сауд Арабиясы жана башка көптөгөн өлкөлөр бар. Ошондуктан мен бул стратегияны абдан маанилүү, актуалдуу деп эсептейм. Бул бардык өлкөлөрдүн гүлдөп-өнүгүшүнө түрткү берип, жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков