Ааламдашуу доорунда айти, блокчейн тармагы актуалдуу. Учурда Казакстанда бул тармактар боюнча адистер жетишсиз. Ачык мисал, өлкөдөгү 100 бош орундун 85и санариптик тармакка тиешелүү. Буга байланыштуу IT адистерин даярдоого артыкчылык берилген. 2025-жылга чейин 100 миң кадрды өнүктүрүү пландалууда.
Багдат Мусин, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:
- Tech Orda программасынын алкагында 3 миңден ашык казакстандык студенттер IT адистиктери боюнча билим алып жатышат. Учурда кадрлар 49 жеке-менчик IT-мектепте даярдалууда. Бул программанын алкагында билим алган жарандар 2023-жылы IT адиси болуп чыгышат. Башкача айтканда, веб-иштеп чыгуу, 3D дизайн, программалык жана аппараттык куралдарды жасоо, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, биг датат, блокчейин адистигин өздөштүрөт.
Динмухамед Толкынбай уулу 10 жыл мурун "Google" корпорациясында иштөөнү кыялданчу. Ал максатына жетүү үчүн өткөн жылы Жапониянын белгилүү университетине санарип бизнести үйрөнүү үчүн тапшырган. 18 жаштагы студент жапон тилин бир жылда өздөштүргөн. Ал эми жакында ал Google компаниясындагы IT стартаптын мүчөсү аталды.
Динмухамед Толкынбай уулу, студент:
- Google'да иштөө менин бала кездеги кыялым болчу. Стартапка резюмемди жөнөтсөм, алар мени сүйлөшүүгө чакырышты. Ошол учурда жапон, англис тилдеринде сүйлөп, өз оюмду, сунуштарымды жеткирдим. Мени кабыл алышканда таң калдым. Учурда компанияда иштеп жаткан өз тармагынын адистери бизге мастер-класстарды өтүшөт. Бизде өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Эң негизгиси дүйнөнүн булуң-бурчунан белгилүү окуу жайлардан билим алган жаштар тажрыйбасын өлкөнүн келечегине, өнүгүүсүнө жумшоого тийиш. Ошондуктан мамлекет жаштардын өлкөдө иштөөсүнө ылайыктуу шарттарды түзүп берип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков