Түштүк Корея Алматыдагы тыгындарды жөнгө салуу үчүн бир нече долбоорлорду сунуштады. Дүйнөлүк банктын чакыруусу менен Казакстандын делегациясы Түштүк Кореяда болуп, коомдук транспорттун жана акылдуу технологиялардын иши менен таанышты. Сеул мэриясында өткөн семинардын негизги темаларынын бири, Алматыдагы тыгын маселесин чечүү болду. Акимчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстандын эң ири шаарында жарым миллионго жакын унаа бар, бирок башка аймактардан келген унааларды кошкондо, алардын саны 700 миңге жетет. Сеул мэриясынын өкүлдөрү Алматы жолдорундагы тыгын маселесин чечүүгө боло турганын айтышты.
Серик Байганин, Алматы шаары санариптештирүү башкармалыгынын башчысынын орун басары:
Шаарлардагы тыгындарды азайтуу үчүн акылдуу светофор системасын түзүүнү пландап жатабыз. Учурда бул система 98 кесилиште жолго орнотулган датчиктердин негизинде иштеген светофорлорду башкарып турат. Биз башка системаларды да карап жатабыз, алардын бири видеокамераларды колдонуу. Башкача айтканда, унааларды таануу системасы тыгындарды азайтууга жардам берет.
Ли Джон Хен, Сеул шаары долбоорлор агенттигинин аткаруучу мүдүрү:
Эгерде жүргүнчүлөр жеке автоунааны эмес, коомдук транспортту тандаса, тыгынды азайтууга болот. Ал үчүн биз Сеулда ар кандай инновацияларды киргиздик. Мисалы, бир карта менен каалаган автобуста, метродо, таксиде жол кирени төлөй аласыз. Ар бир автобус, метро поезди кай жерде экенин жана аялдамага качан жеткенин телефондон көрүүгө болот. Ошондой эле шаардын борборундагы айрым аймактарга жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизебиз. Алматыда да ушундай саясат киргизилсе, менимче, унаалардын санын, тыгындарды азайтууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков