Шымкенттик окумуштуулар фармакологияга дары өсүмдүктөрүн киргизүүнү сунуштап жатышат. Рак, кант диабети, кургак учук ооруларын дары чөптөрдү колдонуу менен айыктырса болот дешет алар. Окумуштууларды сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн жок болуп жатканы тынчсыздандырууда. Ошондуктан дары чөптөрдү коргоого багытталган корук керек деп эсептешет. Өмүрүнүн 50 жылын илимий изилдөөгө арнаган Таттибек Жаркынбеков өз долбоору менен тааныштырды. Окумуштуу Байдибек районуна караштуу Костура тоосунун боорлорунда дарылык касиетке ээ 17 түрдүү өсүмдүккө изилдөө жүргүзгөн. Ал бейтаптарга атайын рецепт боюнча дарылык тундурмаларды иштеп чыккан. Жыйынтыгында жүздөн ашык адамдын дартына дабаа тапканын айтат.
Таттибек Жаркынбеков, окумуштуу:
Биздин колубузда 130 адам оорудан арылып, онкологиядан толук айыгып чыкты. КТ рентген, анализдери аркылуу ооруган учурдагы менен айыккандан кийинки анализдерин карап чыгып, толук сакайып чыкканын билебиз.
Уалихан Жумабай, биология илимдеринин доктору:
Табигый дары-дармек өсүмдүктөрү өскөн жердин жеке менчикте болушу, ошол дарылык өсүмдүктөрүнүн корунун жок болуусуна алып келет. Аны сактап калуу үчүн мамлекет тарабынан колдоого алынып, адистерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын базасы катары калыптандыруу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков