2023-жылы айлык эсептик көрсөткүч менен эң төмөнкү пенсия өсөт

2023-жылы айлык эсептик көрсөткүч менен эң төмөнкү пенсия өсөт

Казакстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 2023-жылы көтөрүлөт. Эми ал  5 миң теңгеге өсүп, 53 миң 76 теңгени түзөт. Каржы министрлиги “2023-2025-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди. Азыркы учурда документ «Ачык ченемдик укуктук актылар» сайтында коомдук талкууга коюлду. Ошондой эле, мекеме мамлекеттик базалык пенсиянын минималдуу өлчөмүн 21 миң 907 теңгеге, ошондой эле жашоо минимумунун минималдуу өлчөмүн 40 миң 567 теңгеге чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Буга кошумча, айлык эсеп көрсөткүчү да жогорулайт. 2023-жылы 3450 теңге болмокчу. Өз кезегинде минималдуу эмгек акынын өлчөмү өзгөрүүсүз калат. Каржы министрлиги көрсөткүчтү мурунку деңгээлде тагыраагы, 60 миң теңге өлчөмүндө калтырууну туура көргөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков