Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун катышуучуларына куттуктоо катында билдирди. Жыйындын күн тартибинде боордош өлкөлөр арасында маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө артыкчылык берилди. Мындан тышкары, трансчек аралык суу маселеси көтөрүлдү. Саясий, соода-экономикалык жана андан тышкары аймактык коопсуздук маселелери, биргелешкен инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транзиттик-транспорттук дараметин жогорулатуу, жүктөрдү жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун түзүү да негизги көңүл чордонунда болду. Ошондой эле, мыйзам чыгаруучу органдардын отурумунда мыйзам базасын кайра карап чыгуу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, форумдун жыйынтыгында Түркестан декларациясы кабыл алынат.
Нуртөре Жүсип, Парламент Сенатынын депутаты:
- Жетишилген макулдашууларды мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү багытында парламенттер аткара турган иштер, мыйзамдык базалар кайра иштелип чыгып, кайра каралып, келечекте стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жургүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков