2023-жылдын алгачкы чейрегинде негизги капиталга салынган инвестиция көлөмү 16%га артты

2023-жылдын алгачкы чейрегинде негизги капиталга салынган инвестиция көлөмү 16%га артты

Улуттук статистикалык бюронун маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилинде салынган каржы көлөмүнөн 16%га көп. Инвестициялардын көбү өнөр жайга багытталган. Анын жарымынан ашыгы имараттарды курууга жана капиталдык оңдоого жумшалды. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү боюнча Атырау региондор арасында биринчи орунда турат. Бардык инвестициянын төрттөн бири ушул аймакка тиешелүү. Кийинки негизги үлүш Алматы жана Астанага багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков