- Бул чечим божомолдорго жана реалдуу маалыматтарды талдоого негизделди. Ага геосаясий кырдаалдын белгисиздиги жана кесепеттери, ошондой эле дүйнөдө азык-түлүккө жогорку баалар сакталып турган тышкы чөйрө факторлору себеп болгон, — деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө. Айта кетсек, базалык чен буга чейин тогуздун айында 16 пайызга көтөрүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков