Казакстан 10 мамлекетке түз авиа каттамдарын ачат

Казакстан 10 мамлекетке түз авиа каттамдарын ачат

Казакстан 10 мамлекетке түз авиа каттамдарды ачат. Бул айдан баштап мекендештер Венгрия, Германия, Түркия, Грузия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Корея жана Вьетнамга уча алышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, бугу айынын аягынан тарта казакстандыктар Будапешт, Мюнхен, Шанхай жана Сеулга жумасына эки жолу уча алышат. Дагы бир авиакомпания Дананг шаарына каттамдарды ачууда. Вьетнам шаарына учак жумасына 2 жолу каттайт. Мындан тышкары бугу айынын аягынан тарта Атырау-Тбилиси-Атырау каттамы ишке ашырылат. Алматыдан Ош шаарына жумасына 4 жолу учса болот. Ал эми Бакуга Атыраудан 3 каттам ачылат. Дагы бир авиакомпания Кытайдын Кулжа шаарына жана Түркиянын Газипаша шаарына каттамдарды баштайт. Мындан тышкары, өзбек компаниясы бугу айынын 5нен тарта Алматы-Ташкент каттамын ачты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков