Жетису облусунда кант кызылчасы жыйналууда

Жетису облусунда кант кызылчасы жыйналууда

Быйыл Жетисулук дыйкандар рекорддук көлөмдө кант кызылчасын жыйнады. Оруп-жыюу дагы эле уланып жатканын эске алсак, көрсөткүч азыркыдан да жогору болот. Эсептөөлөр боюнча, мындай жол менен чогултулган өнүмдүн көлөмү 600 миң тоннадан ашат. Дыйкандар мындай көрсөткүчкө жаңы технологиялардын аркасы менен жетип жатабыз дешет.

Тимур Маматаев, дыйкан:

- Бул эми илим менен алектенүүнүн натыйжасы деп ойлойм. Гектарынан 700-750 центнерден кант кызылчасын алып жатабыз. Бул эми гана баштаганыбыз, мындан дагы жогору болот деп үмүттөнөбүз.

Жалпысынан Жетисуда кант өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн Өкмөт кызылча өстүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдарын, ошондой эле үрөн, жер семирткич, сууну субсидиялап берет. Натыйжада, айдоо аянттары жыл сайын көбөйүүдө.

Нурдаулет Кененбаев, Жетису облусттук айыл чарба башкармасынын башчысы:

- 2022-жылы бизде 4 миң гектар кант кызылчасы себилсе, былтыр 8 миң 700гө чейин жеткирдик. Үстүбүздөгү жылы бул багытта иш кызуу жүрүп жатат десек болот.

Түшүмдүүлүк жылдан жылга көп болгондуктан, кумшекер заводдору да өндүрүш кубаттуулугун жогорулатты. Алар азыр суткасына 24 саат бою өрөөндөн таттуу тамырларды тынымсыз алып жатышат. Быйыл заводдор 90 миң тоннага жакын кант кызылчасын өндүрүүнү пландаштырууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков